Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 05.06.2015 15:27

Айыл турмушу: Чоң-Алайда жашаган 52 жаштагы М.Сыдыков өстүрүп жаткан форель балыктарынын саны миңден ашты

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургуну Максымбек Сыдыков 2 жылдан бери асыл тукумдуу форель балыгын өстүрүп келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз билдирди.

Максымбек Сыдыковдун көлмөсүнөн форель балыгын кездештирүүгө болот. Ал башында 17 гана балык менен ишин баштаган.

«Менин үйүм суунун жанында болгондуктан, балык кармоого тез-тез  барып жүрүп, балык кармоонун сырын үйрөнүп алганмын. Мындан 2 жыл мурун балык өстүрүп көргүм келип, чоң агын суудан 17 форель балыгын кармап келдим. Үйдүн алдына көлмө уюштуруп, балык өстүрүп баштадым.  Форель балыгы өтө тез көбөйгөндүктөн, 2 жылда саны 1200гө жетти»,-дейт М. Сыдыков.

 Ал эми балыкчы форель балыгы көптөгөн ооруларга даба экендигин айтты.

«Форель балыгын өстүргөндөн тартып, балык сурагандардын саны жогорулады. Анткени бул балыктын түрү сарык ооорусуна  даба экен.  Элдер келип балыкты балдарын даарылоо үчүн да алып жатышат. Балыкты тиштеп койсо сарыкты тартып алат экен. Мындан сырткары нерв, сөөктүн бошоңдоп кеткенине да жардам берет. Акысыз эле берип жатам»,-деди ал.

Учурда балыктар чоң, кичине экендигине карабай бир көлмөдө өстүрүлүүдө. Буга каражаттын тартыштыгы себеп. Анткени бир көлмөнү эле тор зым менен тосуу бир топ каражатты талап кылат. Максымбек Сыдыковдо көлмөнү чоңойтууга каражаты жетишсиз.

«Азыр балыктар көбөйгөн сайын көлмөгө батпай баратышат. Негизи балыктардын чоңдорун өзүнчө көлмөгө, кичинесин башка көлмөгө жайгаштыруу керек. Мен 5 көлмө даярдап койдум. Бирок каражаттын жоктугунан анын чекелери тосо албай жатам. Ошондуктан балыктардын баары бир көлмөдө өстүрүлүп жатат.  Бир көлмөнүн тереңдиги 1,5-2 метрболушу керек. Азыр 4 көлмө даярдап койгонубуз менен балыктарды коё бере элекпиз. Бир көлмөдө гана балыктар бар»,-деди М. Садыков.

Ал балык чарбасын чоңойтууну каалайт. Ал үчүн демөөрчүлөр болсо жакшы болоорун айтат. Инвестиция тартуу боюнча да аракеттерди кылып келет. Бул балык чарба аталган райондо биринчи жолу ачылып, иштеп жатат. Суу тынымсыз агып-чыгып турат. Ал үчүн атайын суу түтүктөрүн орноткон.

Максымбек Сыдыков 56 жашта. 5 кыз 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×