Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 12.06.2015 17:37

Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди

Turmush -  Бүгүн, 12-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районунда 3 объект курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган райондун «Чоң-Алай таңы» гезитинин редактору Касидин Номаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, объекттердин ачылышына Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, айыл тургундары, мекемелер менен ишканалардын кызматкерлери катышты.

Маалым болгондой, Чап айылында спорттук комплекстерди куруу иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Аталган курулуш 3 жыл мурун айылдагы демилгечилердин жардамы менен башталган. Спорт комплекстин жалпы сметалык баасы 2 млн 280 миң сомду түздү. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 502 миң сом каралган.

Ошондой эле Жаш-Тилек айылында пайдаланууга берилген ФАПтын курулуш иштерине 1470 миң сом сарпталган. Каржылоого арабиялык өнөктөш «Ихсан-Хайрия» компаниясынын да салымы бар. Жергиликтүү элдин салымы 72 миң сомду түзгөн.

Мындан тышкары аталган айылдын Көк-Суу дарыясында жаңы көпүрө бүткөрүлүп, ишке берилди. Көпүрөнүн узундугу 18 метр, туурасы 3,5 метрди түзөт. Көпүрөгө жалпысынан 667 миң сом акча каражаты жумшалган. Көпүрөнүн курулушуна аталган айылдын жашоочусу Бекиш Асанбаев өз каражаттынан 172 миң сом каражат берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×