Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 20.06.2015 10:42

Чоң-Алайдагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен Ж.Жапаров акимдикке көрсөтүлүүдө

Turmush -  Ош облусундагы Чоң-Алай районунда кечээ, 19-июнда 3 айылдык кеңешме болуп, райондун акимин шайлоо демилгеси сунушталды .

Аймактык кабарчы билдиргендей, акимдин ордуна 3 талапкер: Жумадилла Жапаров, Файзидин Мизамов, Абдибаит Акматов көрсөтүлгөн.

Кеңешменин жүрүшүндө 2 талапкер: Файзидин Мизамов менен Абдибаит Акматов талапкерлигин алууну чечти.

Жыйынтыгында 54 депутат Жумадилла Жапаровго жабык эшик артында добуш берди. Шайлоонун жыйынтыгында 2 блютень жараксыз деп табылып, 5 каршы добуш берилген. Жумадилла Жапаров 47 добуш менен акимдикке сунушталды. Көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер прьемер-министр тарабынан бекитилиши керек.

Аталган райондо 63 депутат бар. Акимди шайлаган жыйынга 54 катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×