Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуЧоң-Алай району 22.06.2015 14:34

Бул жылы Чоң-Алай районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык аттестаты берилген жок

Turmush -  Ош облусундагы Чоң-Алай районунда билим берүүнүн сапаты өткөн жылга салыштырмалуу 3,4%га жогорулады. Райондун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Эгемберди Жороев аймактык кабарчыга билдиргендей, бирок райондогу мектептердин бүтүрүүчүлөрү бул жылы артыкчылык аттестатына ээ болгон жок.

«Биздин райондо билим сапаты өткөн жылы 44,2%ды түзсө, быйылкы жылы 45%ды түздү. Билим сапаты 3,4%га жогорулады. Райондо өткөн жылы кызыл аттестатка 1 окуучу көрсөтүлгөн болсо, быйылкы жылы кызыл аттестат берилген жок. Ал эми 9-класстын базасы менен 16 окуучу кызыл күбөлүккө көрсөтүлдү Мурунку жылы 15 окуучу кызыл күбөлүккө ээ болушкан», - деди Э.Жороев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×