Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 23.06.2015 09:05

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер силкинүү катталды

Turmush -  Бүгүн, 23-июнда саат 03:40та очогунда күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстан республикасынын аймагында болуп, Кыргызстандын чек арасынан түндүк-чыгышка 10-15 км, Кара-Тейит айылынан түндүк-чыгышка 23 км, Кара-Мык айылынан түндүк-чыгышка 25 км, Шибээ айылынан түндүк-чыгышка 30 км аралыкта жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандагы айылдарда: Кара-Тейит, Карамык айылдарында – 3-4 баллга, Шибээ айылында – 3 баллга, Кушчу айылында – 2,5 баллга сезилди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×