Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 23.06.2015 12:36

Чоң-Алайда жалпы республикалык тестирлөөнүн бул жылдагы жыйынтыгынын эң жогорку көрсөкүчү 183 балл болду

Turmush -  Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн эң жогорку баллы 183 баллды түздү.

Райондун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Эгемберди Жороев аймактык кабарчыга билдиргендей, быйылкы жылы окуучулар билим деңгээли боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишти.

«Биздин райондо жалпы республикалык тестирлөөгө жалпысынан 311 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 1 окуучу эң жогорку 183 баллды камсыз кылган болсо, 134 окуучу 110 баллдан жогорку баллдарга ээ болду. Ал эми 174 окуучу 65-109га чейинки баллдарды топтоду. Мындан сырткары мектепти мурунку жылдары аяктаган 40 жаран тест тапшырып, алардын ичинен 6 катышуучу 110 баллдан жогорку баллга ээ болушту», - деди Э.Жороев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×