Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 24.06.2015 17:15

Чоң-Алай районунун жаңы дайындалган акими Ж.Жапаров жамаат менен таанышып чыкты (фото)

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунун жаңы дайындалган акими Жумадилла Жапаров бүгүн, 24-июнда райондогу мекемелердин жетекчилери жана райондук администрациянын эмгек жамааты менен таанышты. Бул тууралуу «Чоң-Алай жаңырыгы» гезитинин редактору Касидин Номаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, акимди Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Камчыбек Салиев тааныштырды.

Мурдараак маалымдалгандай, Ош облусундагы Чоң-Алай районунда 19-июнда айылдык кеңештин жыйыны болуп, 3 талапкердин ичинен Жумадилла Жапаров көпчүлүк добушка ээ болгон.

Өкмөт башчы Темир Сариев Ж.Жапаровду аким кылып дайындоо жөнүндө буйрукка 22-июнда кол коюп, иш бөлмөсүндө кабыл алды.

А 4

Солдо - Сузактын акими А.Маматов, оңдо - Чоң-Алай районунун акими - Ж.Жапаров

А 2

А 3

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×