Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 24.06.2015 17:41

Чоң-Алайда кыз-келиндердин маселелерин чечүүнүн жолдору каралды

Turmush -  Бүгүн, 24-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районунда 3 айыл өкмөттүн лидер аялдары биригип, «Ар бирибиз тынчтык үчүн күрөшүүбүз керек» жана «Аялдар-жашоо өзөгү» аттуу тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу аялдар кеңешинин төрайымы Динара Абдрахманова аймактык кабарчыга билдирди.

«Биз бүгүн айылдагы лидер аялдар менен биргеликте кыз-келиндердин көйгөйлөрүн, аялдын жашоодогу ролун, үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын алдын алууну карап, райондогу аялдар кеңешинин ишин мындан ары жандандыруу боюнча бир топ маселелерди талкууладык. Иш-чаранын жүрүшүндө  сунуш-пикирлер да айтылды.

Тегерек стол август айында өтүүчү форумга карата өткөрүлдү. Бул иш-чара аялдар кеңешинин демилгеси жана райондук администрациянын социалдык иштер боюнча орун басары Саадат Туйгунованын демилгеси менен ишке ашты», - деди Д.Абдрахманова.

Жалпысынан тегерек столго 3 айыл өкмөттөн 25 аял келип катышты.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×