Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 06.07.2015 14:41

Чоң-Алайдагы Ленин чокусуна келген туристтердин саны өсүүдө

Turmush -  Чоң-Алай районуна караштуу Жеңиш (Ленин) чокусунда сезон башталып, туристтердин саны өсүүдө. Бул тууралуу Сары-Моңол айыл өкмөтүнүн башчысы Аттокур Курмушуев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, туристтик сезон 2 айга созулат. Жеңиш чокусун көрүүгө келгендердин басымдуусу туристтер болот.

«Жеңиш чокусу  биздин айылга жакын. Сезон 20-июндан 25-августка чейин болот. Атайы туристтерди тейлөөчү 10дон ашык туристтик фирмалар бар. Алар туристтерди алып келип, жатакана, тамак-аш менен камсыз кылып турушат. Ленин чокусунун алдында лагерлер уюштурулган. Туристтер 1-лагерге чейин унаа менен барышат. Чокуга чыгуу үчүн жөө барууга туура келет», - деди А.Курмушуев.

Ал эми Абдилла туристтерди тейлөөчү фирмалардын биринде иштейт. Ал туристтер 3-4 күнгө гана келип кетээрин айтты.

«Ленин чокусунун алдында Тулпар көлү бар. Ошол жерге туристтерди алып келип тааныштырабыз. Убагы менен тоолорго алып чыгып  турабыз. Бизде туристтер 3-4 күн гана болушат. Ал үчүн атайы кыргыз үйлөр тигилген»,-деди Абдилла.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×