Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 08.07.2015 16:09

Чоң-Алайдын Жекенди айыл аймагын, социалдык объектилерди таза суу менен толук камсыздоо үчүн 300 миң сомдук долбоор иштеп баштады

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундары жакында таза суу менен толук камсыз болот.  Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Нургазы Акматов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, учурда жергиликтүү тургундар сууну алыстан ташып ичишет. Бул чоң маселе болууда.

«Биздин айыл өкмөттө таза суу жетишсиз. Жер-жерлерде суу чыгаруу боюнча ар кандай көз карандысыз уюмдарга долбоор жаздык. 300 миң сомдук долбоор жазылып, ал жактырылган. 17-июлда тендер жарыялаганы жатабыз. Жеңип чыкканы 20-июлдан тартып иш баштайт.

7 чакырым жерге таза суу чыгарылып, эл толугу менен камсыз болот. Социалдык объектилерге дагы суу чыгарылат», - деди Н.Акматов.

Апрель айында гана суу булганып кыйынчылык жаратпаса, башка мезгилде суу таза  боло тургандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×