Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуЧоң-Алай району 10.07.2015 09:34

Чоң-Алайдагы Карамык айылынын тургундары ооруканага ашар жолу менен мончо жана унаа токтоочу жай куруп жатат

Turmush -  Чоң-Алай районунун Карамык айылындагы оорукананын жанына жергиликтүү тургундар тарабынан мончо, ашкана, унаа токтоочу жай курулууда. Бул тууралуу Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Карамык айылындагы оорукананын жанында мурда ооруканага тиешелүү тез жардам унаасы токтоочу жай, ашкана бар болгон.

«Биздин айылдагы эскилиги жеткен оорукананын бир имараты бир жылга жакын иштетилбей калган эле. Эми минтип жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар жолунда эскилиги жеткен имарат жаңыртылып салынууда. Ал жерге унаа токтоочу жай, ашкана кошумча мончо курулууда. Ал имарат СССР убагында салынган», - деди Н.Акматов.

Аталган айыл өкмөт дотацияда турган айыл өкмөт болгондуктан куруу иштерине эч кандай акча каражаты бөлүнгөн эмес.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×