Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуЧоң-Алай району 29.07.2015 18:03

Чоң-Алай районунда кургак учукка чалдыккан 8 бейтап акысыз дарыланууда

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда жыл башынан бери кургак учук илдетине 8 адам чалдыкты. Бул тууралуу аталган райондун аймактык ооруканасынын башчысынын орун басары Ырыс Эгембердиева билдирди.

Анын айтымында, бул ооруга чалдыккан жарандар 6 ай бою ооруканада дарыланышат.

«Биздин райондо быйылкы жылы кургак учук илдетине чалдыккандардын саны 8ди түздү. Алар бул оорунун жеңил түрүнө чалдыккан. Учурда бардыгы ооруканада даарыланып жатат. Негизинен бул ооруга чалдыккандар 6 ай бою мамлекеттин эсебинен акысыз даарыланышат», - деди Ы.Эгембердиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×