Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуЧоң-Алай району 04.08.2015 15:51

Чоң-Алайдагы окуучулар үчүн бирдиктүү мектеп формасы 1500-1800 сомдон сатылат

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мектептердин окуучулары жаңы окуу жылына бирдиктүү жаңы форма менен барышат. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Имарбай Бакиров аймактык кабарчыга билдирди.

«Быйылкы окуу жылына окуучулар жаңы формалар менен келишет. Окуу жылынын аягында ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ош шаарындагы «Дастан» тигүү цехи бул ишти колго алган. Алар келип окуучулардын өлчөмдөрүн алып кетишкен. Ата-энелердин жаңы формаларды алып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 1-4-класска чейинки окуучулар үчүн 1500 сом, ал эми 5-9-класска чейинки окуучулар үчүн 1700-1800 сомдун тегерегинде болот. Сапаты дагы жакшы», - деди И.Бакиров.

Аталган райондо жалпысынан 5555 окуучу бар. Өткөн жылы жаңы киргизилген форманы аз сандагы окуучулар кийген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×