Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 21.08.2015 13:07

Чоң-Алайдагы алдыңкы мугалимдер сыйланды

Turmush -  Чоң-Алай районунда мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, ага райондогу бардык мектептер менен бала бакчалардын өкүлдөрү катышты. Алгач райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Бакиров райондогу билим берүү бөлүмүнүн өткөн жылдагы ийгиликтери, кемчиликтери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин абалы, алардын ишинин жыйынтыктары жөнүндө баяндама жасады.

Андан кийин Чоң-Алай районунун акиминин орун басары С.Туйгунова мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон мектептерге жана бала бакчаларга I-II-III даражадагы дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Соңунда август кеңешмесинин катышуучулары кайрылуу кабыл алышты.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×