Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 25.08.2015 16:35

Чоң-Алайдын жайлоолорундагы балдар үчүн бул жылы 5 жайлоо китепканасы иштеди

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда курулган «Кичи китепкана» аталышындагы 5 жайлоо китепканасы жайлоодогу ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Имарбай Бакиров билдиргендей, бул багытта 10 жылдан бери Ага Хан фонду менен биргеликте иш жүргүзүлүп келет. Райондо «Кичи китепкана» аталышындагы китепкана да ачылган.

«Китепкана жомок китептер менен камсыздалды. Долбоорго ылайык, демөөрчүлөр тарабынан алынган китептер айылдагы жаш балдардын үйлөрүнө жеткирилет. Ал китептер 10 күндөн кийин кайрадан жыйналат. Аны менен баардык балдаргна 10 күн сайын жаңы китептер берилип турат. Долбоор жайлоолордогу балдарды да китеп менен камсыз кылууга багытталган», - деди И.Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×