Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 27.08.2015 16:19

Чоң-Алайдын Шире айылдык китепканасы мобилдик китепкана болуп өзгөрдү (фото)

Turmush -  Кечээ, 26-август күнү Чоң-Алай районунун Шире айылындагы Шире айылдык китепканасы моделдик китепкана болуп өзгөрдү. Бул тууралуу аталган райондун маданият бөлүмүнүн башчысы Бекназар Бакыбеков аймактык кабарчыга билдирди. Ачылышка Ош облустук китепкана менен райондук китепканалардын башчылары катышты.

«Аталган китепкана жаңы эмеректер, жабдуулар менен толук камсыздалды. Мындан ары окурмандар компьютердик кызматтарды да пайдаланат. Ал үчүн райондук администрациядан 35 миң сомдук жабдык менен 1 компьютер берилди. Мындан сырткары Ош облустук китепканадан 22 китеп, Чоң-Алай райондук маданият жана китепканачылардын атынан 6 миң сомдук 42 даана китеп, китеп салуучу жабдык берилди», - деди Б.Бакыбеков.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×