Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуЧоң-Алай району 01.09.2015 18:52

Чоң-Алай районундагы мектептерге 5 миңден ашуун китеп берилди

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда 1-класска 505 окуучу кабыл алынып, мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Имарбай Бакиров Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Райондогу 17 мектепте билим күнү белгиленди. Ага райондун акими Жумадилла Жапаров катышып, окуучуларды майрамы менен куттуктады. Быйылкы жылы жалпысынан 505 окуучу 1-класска кабыл алынса, 480 сааттык программанын алкагында мектепке чейинки класска 391 бала кабыл алынган. Ошону менен катар, жаңы окуу жылына карата жаңы китептер менен камсыз болду. Районго Билим берүү министрлиги тарабынан 5508 китеп алынып келинди. Алардын арасында 3-класстардын математика, адабият китеби, усулдук китепчеси, 8-класстын жаңы тарых китеби, 6-7 –класстардын кыргыз тили китеби алынып келинген. Быйыл окуучулар китеп менен 72%га камсыз болушат», - деди И.Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×