Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 08.09.2015 09:33

Чоң-Алай районунда мүмкүнчүлүгү чектелген 245 бала колдоого муктаж, анын ичинен шал оорусу менен ооруган 23 бала окууга жөндөмсүз

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда 18 жашка чейинки 245 мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Бул тууралуу аталган райондун  социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Абдилашим Токтобаев  Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, учурда 23 бала шал (паралич) оорусу менен ооруйт.

«Биздин райондо 23 бала шал оорусу менен жабыркап, окууга жөндөмсүз. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасынан мектеп жашындагылар 50%ды түзөт. Мектепке бара албаган балдар мектептеги соцпедагогдор тарабынан үйлөрүндө окутулат. Бирок мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын айрымдары билим албай калат», - деди А.Токтобаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×