Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 02.10.2015 12:22

Чоң-Алайдын Кара-Тейит айылында 58 млн сомдук мектептип курулушу башталды

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндөгү Ак-Cуу орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Нургазы Акматов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мектептин имараты жараксыз абалга келип калгандыктан, жаңы имарат салуу долбоору даядалып, жактырылды.

«Мектептин имараты 1974-жылдары курулган. Быйылкы жылдын эсебинен оңдоп-түзөөдөн толугу менен өткөрүлүп, учурда окуучулар билим алууда. Учурда жаңыдан 225 орунду мектептин курулуш иши башталып, пайдубалы куюлду. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 58 млн сом каражат каралган»,  -деди Н.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×