Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 02.10.2015 14:30

Чоң-Алайдагы Кыргызстан орто мектебинде 3 млн сомдук спорт зал ишке берилет

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айылындагы Кыргызстан орто мектебине спорт зал салынууда. Бул тууралуу Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов аймактык кабарчыга билдирди.

«Кыргызстан орто мектебинде биринчи жолу спорт зал курулууда. Залдын узундугу 24 метр, туурасы 12 метр болот. Ага жергиликтүү бюджеттен 315 миң сом каралган. Мындан сырткары түрткү берүүчү гранттан 2,5 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Учурда курулуш ишинин 50-60%ы бүтүп калды. Ноябрь айынын аягында залды толугу менен бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда», - деди Н.Акматов.

Жаңы курулуп жаткан спорт залга айыл тургундары да кирүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×