Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 03.10.2015 11:09

Чоң-Алайдын Тунук айылында жаңы ФАП курулууда

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Тунук айылында ФАП курулууда. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Нургазы Акматов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, ФАПтын имаратынын эскилиги жеткендиктен жаңыдан салынууда.

«ФАПтын мурунку имараты ашар жолу менен саман кошулуп салынган. Учурда жараксыз абалга келген. Жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом бөлүнүп, курулуш иштери башталган. Азыркы тапта ички оңдоп-түзөө иштери калды. Ноябрь айында толугу менен бүтүрүп, пайдаланууга беребиз», - деди Н.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×