Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 29.10.2015 17:02

Чоң-Алай мектептериндеги билим берүү сынга кабылып, 3 мектептин директорлорун кызматтан четтетүү сунушталды

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсуповдун айтымында, Алай, Ноокат, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунун айрым мектептеринде мугалимдер жакшы билим бербей окуучулар чала сабат болууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-октябрда коллегиялык жыйында билдирди.

«Азыр мектептерде мугалимдер журналдарды толтурбай жатат. Окуучулар чала сабат мугалимдерден тарбия алып жатышат. Мектепте иштегендер жылдык планын дагы толук толтура элек. Райондук билим берүү бөлүмдөрү аларды көзөмөлдөбөй жатат», - деди Б.Юсупов.

Ошондой эле, Б.Юсупов Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын жана аталган райондогу 3 мектептин директорлорун жумуштан четтетүүнү сунуштады.

Ал аталган жетекчилер жакшы иштебей жаткандыктан шалаакылыгы үчүн иштен алынуусу керектигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×