Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуЧоң-Алай району 27.11.2015 16:54

Чоң-Алайда 30 жыл мурун курулган маданият үйдүн имараты жаңыртылат

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы маданият  үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган айыл аймактын жооптуу катчысы Рысбек Ботобаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, маданият үйүнүн эскилиги жеткен.

«Маданият үйү 1985-жылы пайдаланууга берилген. Ошондон бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө элек. Быйыл атайын түрткү берүүчү гранттын эсебинен оңдолууда. Маданият үйү 300 орундуу. Оңдоо иши ноябрь айынын башында башталган», - деди Р.Ботобаев.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×