Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 03.12.2015 11:20

Чоң-Алай райондук бийлиги ооруканада бейтаптар үчүн орундар жетишсиз деген маалыматты четке какты

Turmush -  Чоң-Алай районунда сарык менен ооруган бейтаптар көбөйүп, бирок аймактык ооруканада дары-дармектер менен бейтаптарга орун жетишпей жатканын жергиликтүүлөр кабарлаган.

Бул маалыматты Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Саадат Туйгунова четке кагып, ооруканада шарттар бар экенин билдирди.

«Күз айларында өлкөнүн бардык аймагында сарык оорусу күч алат. Биздин райондо дагы сарык оорусу күч алган. Ооруканада орун, дары-дармектер толук жетиштүү. Райондогу жугуштуу ооруларды дарылоочу бөлүмүндө 25 орун бар. Кезек күтүүлөр болгон жок», - деди С.Туйгунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×