Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуЧоң-Алай району 17.12.2015 09:39

Айыл турмушу: Чоң-Алай районунун тургуну курут эзүүнүн оңой жолун тапты (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Жайылма айылынын тургуну Рысбек Султанов курут эзүүнүн оңой жолун ойлоп тапты. Бул тууралуу өзү Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди. Ал курут эзүү үчүн шпаклёвканы (курулуш материалы) аралаштыруучу каражатты (миксер) пайдаланган.

«Биз жайында майлуу курут жасап, кышкыга камдап алабыз. Бирок майлуу курутту колго эзгенде майдаланып кеткендиктен жакшы эзилбей калат. Менин кичүү уулум курутту абдан жакшы көрөт. Бирок кыздарым майлуу курутту эзип бергиси келбейт.

Бир күнү уулума курут эзип берейин деп сырттан шпаклёвканы аралаштыруучу миксерди таза жууп алып келдим. Идишке жылуу суу куюп, курутту 3-4кө бөлүп идишке салдым. Кийин бурамага (дрель) миксерди улап, токко сайып курутту аралаштыра баштадым. 10 мүнөттүн ичинде курут эзилип бүттү. Ошондон бери уулама курутту өзүм жасап берем», - деди Р.Султанов.

Адатта энелер 1 кг курутту колго 1 саатка чейинки убакытта эзип бүтүрүшөт. Ал эми бул техниканын жардамында 1 кг курутту 10 мүнөттүн ичинде эзүүгө болот.

«Кошуналарым, тааныштар бул жабдыкты сурап алып кетип турушат. Барыбызга жеңил болуп калды. Аны пайдаланып жатканда идишке сууну өтө толтуруп куйбаш керек. Суу аз болсо аралаштырганда чачырабайт», - деди Р.Султанов.

IMG-20151216-WA0042

IMG-20151216-WA0039

IMG-20151216-WA0040

IMG-20151216-WA0041  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×