Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 20.01.2016 11:11

Чоң-Алайда салык жыйноо планы 163,2%га аткарылды

Turmush -  Чоң-Алай районунда салык жыйноо жылдагыга караганда 63%га көп аткарылды. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Исмаил Тагаев билдирди.

«2015-жылы биздин райондо салык жыйноо жылдагыга салыштырмалуу өстү. План боюнча 44 млн 874 миң 100 сом каралса, салык кызматкерлери 73 млн 255 миң 700 сом жыйнап, план 163,2%га аткарылган.

Өнөр жай тармагындагы иштер жогорку деңгээлде аткарылып, көрсөткүч 105,7%ды түздү», - деди И.Тагаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×