Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуЧоң-Алай району 21.05.2016 11:41

Чоң-Алайда «Кутман эл» кароо-сынагындагы мыктылар тандалды (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чак айылында кечээ, 20-майда Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп жаткан «Кутман эл» кароо-сынагы болуп өттү. Райадминистрация маалымдагандай, сынакка айыл эли кыргыздын көчмөн эл экендигин даңазалаган «Кыргыз көчү», Алай ханышасы Курманжан датканын эли үчүн жасаган эрдиктери тууралуу көрүнүштөрдү сахналаштырып аткарып беришти. Ошондой эле, улуттук каада-салттар көрсөтүлүп, ат оюндары ойнолду.

Сынакта мыкты делген номурлар облустук деңгээлде өтө турган «Улуу Мурас» сынагына тандалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×