Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 22.05.2016 16:18

Айыл турмушу: Чоң-алайлык чебер Б.Калбаева айылдагы жумушсуз келиндерди бириктирип, 45 миң сомго чейинки килемдерди жасашат (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылынын тургуну Бүзарбап Калбаева токуган килемдерин 45 миң сомго чейин баалайт. Ал килем токуунун сырын бала кезинен тартып апасынан өздөштүргөн.

Ишкер айым 2009-жылдан бери айылдагы жумушсуз келиндердин башын бириктирип, килем токуунун сырларын үйрөтүп келет.

«Менин апам дасыккан чебер болчу. Ал баарыбызга чеберчиликти үйрөттү. 1985-жылдан тартып килем токуп, аны сатып, 3 кызымды жогорку билимдүү кылганга жетиштим. Түмөн түйшүктүү, бирок берекелүү жумуш десем болот. Учурда 15 кыз менен килем токуп жатам. Биз токуган килемдер кыздардын себине кошулат», - деди Б.Калбаева.

Бир килемди токуганга жок дегенде 1 ай убакыт сарпталат.

«Килем токуу оңой иш эмес. Алгач жүндөрдүн жакшысын иргеп сатып алабыз. Аны жууп, түрдүү боёкко боёп чыгабыз. Андан кийин кыргыз орнаменттери түшүрүлгөн килемдерди токуп баштайбыз. 3 кыз бир чоң килемди бир айда токуп бүтөт. Чоң килемдердин туурасы 4 метр, узуну 2 метр болот. Ошондой эле, чакан килемдерди, таарларды, боз үйдүн кереге таңууларын жасайбыз. Килемдердин эң чоңу 45 миң сомго бааланса, кичине, кыска килемдер 18 миң сомдон башталат. Ал эми кереге таңуулар 15 миң сомдон баштап сатылат», - деди ал.

Бүзарбап Калбаеванын жолун жолдогусу келген кыздары да чеберчилик менен алектенет. Мугалимдик кесипке ээ болгон кыздары бош убактыларын дээрлик чеберчиликке арнай турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×