Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 23.05.2016 08:38

Чоң-Алайдын Кызыл-Эшме айылында 70тен ашкан аксакалдар элдик ырларды ырдап, «Манас» айтышты (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кызыл-Эшме айылында жашы 70тен ашкан аксакалдар элдик ырларды ырдап, «Кутман эл» кароо-сынагына жигердүү катышты. Тарых жана маданият жылына карата улуттук баалуулуктарды сактап калуу максатында уюштурулуп жаткан сынакка айыл эли активдүү катышты, деп билдирди кабарчы.

Анда башка айылдардан айырмаланып тогуз коргоол оюну уюштурулуп, аксакалдар элдик ырларды ырдап, «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Ошондой эле ат оюндары да өткөрүлүп, уз-чебер айымдардын колунан жаралган эмгектер көргөзмөгө коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×