Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 23.05.2016 10:53

Чоң-Алайда 45 жаштан жогорку курактагы апалар волейбол боюнча мелдешти (фото)

Turmush -  Кечээ, 22-майда Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Мык айылында Энелер күнү белгиленди. Майрамдык салтанатка акимдин орун басары Саадат Туйгунова, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов, Жекенди айылдык кеңешинин төрөгасы З.Амирбеков катышып, жалпы энелерди майрамы менен куттукташты.

Салтанатка жалпы 120 эне чакырылды. Алардын арасынан 45 жаштан жогорку курактагы энелерге волейбол оюну уюштурулду. Мелдешке 5 команда чыкты.

Ошондой эле, апаларга мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, сый тамак уюштурулду.

Кыргызстанда ар жылы май айынын 3-жекшембиси Энелер күнү белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×