Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 10.06.2016 08:46

Айыл турмушу: Чоң-алайлык чебер Г.Нурдинова чоң апасынан калган кол өнөрчүлүктү улантууда (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылынын 47 жаштагы тургуну Гүлсүн Нурдинова чийден кооз сумкаларды, кийизден түрдүү паннолорду жасайт. Анын айтымында, кол өнөрчүлүк менен алектенгенине 30 жылдан ашты.

«Биз үй-бүлөбүз менен чебербиз. Чеберчилик мага чоң энемден өткөн. Чеберчилик боюнча атайын билимге да ээ болгом. Көп учурда чийден сумкаларды жасап сатам. Бизде төө көп болгондуктан, сумкалардын боолорун төөнүн жүнүнөн согуп чыгам.

Акыркы убактарда чийди малдар тебелеп кетип, узун чийлер аз болуп калды. Майда чийди тазалап, чырмап чыгам. Чийди июль айында бышып калган мезгилинде жыйнап алам. Адан кийин катып калат. Аны тазалоо кыйынчылык жаратат.

Мындан сырткары, кийизден улуттук оюндарды чагылдырган паннолорду жасайм. Өзүм балдар чыгармачылык борборунда эмгектенгендиктен, билгендеримди кызыккан окуучуларга үйрөтүп келем», - деди ал.

Уз айым кийизден куурчактарды да жасайт. Ал өткөн жылы райондук деңгээлде өткөн куурчактар жармаңкесинде 2-орунду ээлеген. Ошондой эле, көл өнөрчүлүк боюнча өткөн сынактарга үзгүлтүксүз катышып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×