Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 18.06.2016 12:04

Чек арадан 19 жаштагы жоокердин жоголушу боюнча козголгон иш кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү

Turmush -  Чоң-Алай районунун «Карамык» чек ара бекетиндеги катардагы жоокер Бексултан Бааридиновдун жоголушу боюнча козголгон ишти Ош гарнизондук аскер соту кайрадан тергөөгө кетирди. Ага күнөөлөнүп жаткан аскер кызматкерлеринин жактоочусу жолдогон өтүнүч себеп болду. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу аскер кызматкерлеринин жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Изделип жаткан жоокер — Бааридинов Бексултан Садиринович Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылында 1996-жылы туулган. Ал 2015-жылдын 22-августунда 3 жоокер менен бирге (3 жоокер кайтып келген) чек араны кайтарууга чыккан боюнча дайынсыз болууда. Анын куралы менен кошо жоголгондугуна байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Оштогу башкармалыгы менен отряддын курамы кызматтан бошотулуп, тозоттун курамы алмаштырылган.

Б.Баардинов

А 1

Б.Бааридинов жоголгон Ак-Шумкар тоосу

Шумкар

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер