Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуЧоң-Алай району 21.06.2016 12:32

Айыл турмушу: Кашка-суулук Ш.Үсөнова 5-классынан бери таенесинен үйрөнгөн сайманын түрлөрүн саят (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургуну Ширин Үсөнова жаш кезинен тартып сайманын түрүн саят. Ал ушул күнгө чейин таенесинин 1932-жылы сайып берген саймасын сактап келет. Анын чебер айым болушуна таенеси себепкер болгонун аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Мен 5-классымдан бери сайма саям. Таенем дагы саймачы болгондуктан, менин бул өнөрдү аркалап калышыма себепкер болгон. Таенемдин жолун жолдоп, саймачылыкты кыздарыма дагы үйрөттүм. Негизи сайманын түрү өтө көп. Мен сайманын басма сайма, илме сайма, терс кайык сайма, жөрмөмө сайма деген түрлөрүн билем.

Учурда басма сайманы дээрлик эч ким сайбай калды. Ал таенемдин эң жакшы көргөн саймаларынын бири болчу. Ал мага атайын басма сайма менен сайып чыккан көшөгөсүн белекке берген. Бүгүнкү күнгө чейин сактап жүрөм. Басма сайма башка саймалардан айырмаланып турат. Аны так эсептеп сайбаса, гүлү кыйшыйып калышы мүмкүн. Мурунку саймалар мулина жиптер менен сайып чыккан үчүн кулпуруп, сынын жоготпой келет. Азыркы жиптерге ишенүү кыйын, өңү тез эле өчүп калат.

Ал эми, терс кайык саймасы тескери сайылат. Сайманын бул түрү өтө кыйын. Аркасынан сайганда көрбөй, туура эмес тигип алышың мүмкүн. Өтө кылдаттыкты талап кылат», - деди Ш.Үсөнова.

Алар көшөгө, жууркан, жаздык жана чачыктарды саймалашат.

«Бизде кыз узатып жатканда күйөө баланын жоро-жолдошторуна атайын саймаланган чачыктар кол арчуу үчүн берилет. Азыр илме сайма машинкада сайылып, жеңил болуп калды. Мурун кол менен гана сайып чыкчубуз. Чачыктарга илме сайма сайылат», - деп кошумчалады Ш.Үсөнөва.

Ширин айымдын жолун кыздары дагы жолдоп келе жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×