Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 09.07.2016 16:35

Фото - Чоң-алайлыктар тамак-аштын 800 түрүн даярдап, койду бүтүн бышырышты

Turmush -  Чоң-Алай районунун тургундары тамак-аштын 800дөн ашык түрүн жасады. Тамак-аштар бүгүн, 9-июлда Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында өтүп жаткан райондор аралык «Улуу-Мурас» кароо-сынагына чыгарылды.

Уюштуруучулардын айтымында, жарманын эле 100дөн ашык түрү даярдалган. Тамак-аштардын арасынан гүлчөтай, беш бармак, быжы, сары май, манты, оромо, чүчпара, карын май жана нандын, суусундуктардын бир нече түрүн көрүүгө болот.

Ошондой эле, катышуучулардын бири койду бүтүн бышырып чыккан (териси сыйрылган кой очокко шишкебек сыяктуу бышырылган).

эЧКИ

Иш-чаранын ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров жана Ош облусундагы райондордун акимдери катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Улуу Мурас» кароо-сынагынын башталышында 40 чоронун образын жаратышып, атчандар ат чаап, Таалайбек Сарыбашев жетектеген бийлик өкүлдөрүнө дагы ат мингизишти. Ошол эле мезгилде улак тартыш, кыз куумай, ат үстүндө кол күрөшүү оюндары көрсөтүлдү.

Андан кийин көргөзмөгө чыгарылган кыргыздын улуттук буюмдары көрсөтүлдү. Ошондой эле, атайын тигилген 10 боз үйгө тарыхый буюмдар көргөзмөгө коюлуп, алардын тарыхы айтылды.

Мындан сырткары, төө саамай, жылкы саамай, тыйын эңмей, бука минмей оюндары, тушоо кесүү, кыз узатуу, баланы бешикке бөлөө салт-санаалары көпчүлүккө кызыгуу жаратты.

Кароо-сынак майрамдык маанай менен уланууда.

3

1

4

6

7

11

12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×