Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 11.07.2016 08:54

Айыл турмушу: Ийне кармаганды кайын апасынан үйрөнгөн Гүлнара кийизден жасаган буюмдарга чет элдиктердин суроо-талабы арбыды (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Чак айылынын тургуну Гүлнара Абдыкадыр кызы кийизден заманбап сумкаларды, жаздыкчаларды, сувенирлердин түрлөрүн жасайт. Анын эмгектерине буюртма бергендердин басымдуу бөлүгү чет өлкөдө иштегендер жана туристтер.

Кийизден жасаган кооз жана сапаттуу сумкалар борбордук базарга чыкпагандыктан Гүлнараны издеген кардарлары көп.

«Чоң кайын энем кыздарыма кийизден сумка тигип келиптир. Аларды көрүп абдан жактырдым. Чоң кайын энем шырдак шырып, кызга сеп даярдап, үйгө керектүү буюмдардын барын жасайт. Өмүрү ийне кармап көрбөгөн жаным, кайын эненин камырынан болуп чебер болдум. Аялзаты үчүн акчаны үнөмдөө, керектүү буюмду жасай билүү өтө маанилүү экенин түшүндүм.

Алгач синтепон алып, майда сумкаларды тигип үйрөндүм. Бара-бара чоңдорун тигип, билбегенимди ар кимден сурап жатып үйрөнүп кеттим», - дейт каарманыбыз.

Сумкалардын баасы көлөмүнө жана кетирген чыгымына жараша белгиленет. Улуттук колоритти даңазалап жаткан Г.Абдыкадыр кызы кыргыз орнаментине башка улуттагы кыздардын дагы кызыгуусун арттырууну көздөйт.

«Кыргыз сумкалары деген аталыш башка улуттун кыздарына тарап, алар дагы биздин орнаментибиз түшүрүлгөн сумкаларды көтөрсө бул жакшы көрүнүш. Чет элдиктер менин эмгектеримди же мен сыяктуу уздардын эмгектерин тандаганы маанилүү эмес, биздин маданиятыбыздын кенен жайылганы маанилүү. Мисалы, менин эмгектеримди көрүп эле буюртма бергендер көп. Көчөдө көтөрүп бараткандардан деле кызыгып сурагандар көп экен.

Туристтер “баасы арзан экен” деп оймо-чиймелер түшүрүлгөн сумкаларды тандап алып кетишет. Келечекте билгенимди кыздарга үйрөтүп, кол өнөрчүлүктү, кыргыз буюмдарын жайылтууну максат кылам», - деп кошумчалады.

Бир сумканы жасоо үчүн 5 күндөн 7 күнгө чейин убакыт кетет. Баалары 900 сомдон 1500 сомго чейин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×