Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 14.07.2016 09:05

А.Тагаев бүркүт менен ителгилерди өзгөчө шартта, күнүнө жаңы союлган малдын эти менен багат (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынын 46 жаштагы тургуну Акунали Тагаев 10 жылдан бери мүнүшкөрлүк менен алектенип келет. Анын айтымында, мүнүшкөрлүк ата-бабаcынан келе жаткан өнөр. Анын чоң аталары Чоң-Алай районунда алгачкылардан болуп мүнүшкөрлүк кылып келген. Ата салтын улап, учурда 2 ителги багып жатканын Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Мүнүшкөр 10 жыл аралыгында куштардын бир нече түрүн багып көрдү. Мындан мурда бүркүт багып, аны аңчылык кылууга жана ар кандай көргөзмөлөргө алып чыкчу. Мүнүшкөр куштардын жашоосуна кирип, алар менен өз ара сүйлөшүп, эркиндикте жүргөн куштардай багууга аракет кылат.

А.Тагаев

51

Мүнүшкөр бүркүт жана ителги багуунун кыйынчылыктары жана сырлары менен бөлүштү. Бүркүт чоң куш болуп, ал адамга кеч үйрөнөт. Күн сайын 3-4 кг чейин жаңы союлган малдын этин жейт же өзү жаныбарларды уулап жегенди жакшы көрөт. Эскирип калган этти ачка калганда гана жешет. Бүркүттүн тамагын убагында берип, убагында учуруп карабаса бат эле өлүп калышы мүмкүн. Андан улам Акунали мүнүшкөр учурда 2 ителги багып жатат.

Бүркүт менен ителгинин уялары бийик тоолордо жана зоолордо кездешет. Алар балдарын коргоо үчүн атайын бийик зоолорго уя салат. Ителгилердин баласын уядан алуу үчүн көп убакыт кетет. Уяны мүнүшкөрлөр жылдап аңдып, жумурткадан жаңы чыгып, учканга чейин күтүшөт. Андан соң, бийик тоолордон аркан аркылуу түшүп, ителгинин уядан учууга даяр болуп калган балапандарын алышат.

Кыргызстандын аймагы тоолуу болгондуктан бүркүт менен ителги ар бир райондо кездешет. Мүнүшкөр ителгилерди үйүнөн атайын бөлгөн чоң бөлмөгө бардык шарттар менен багып жатат. Ителги суу ичпей бир нече саат уча алат. Ал эми күнүнө 1,5 кг эт жейт.

Ителгинин индистан жана тибет деген түрлөрү болот. Кыргызстандагы ителгилер бийик тоолордо жүрүп, аба ырайынын сууктугуна байланыштуу түстөрү кара, суукка чыдамдуу тыбыттуу болот.

Ал эми, ысык жайда жүргөн ителгинин түсү бозомтук келет. Денесинин узундугу – 60 см, канатынын жайгандагы узундугу – 130 см болот. Зыяндуу кемирүүчүлөрдү жеп, токой жана айыл чарбага пайда келтирип, майда чымчыктар менен да азыктанат. Айрыкча өзү кармаган жаныбарлардын этин тытып жегенди жактырат.

«Ителги эттен башка жемиштерди аз жегенине байланыштуу жалаң эт менен бакканга аракет кылабыз. Ага эски этти бербейбиз. Ителги эч бир жаныбардан коркпойт. Көзү көргөн жаныбарга алы жетсе, жетпесе деле кол салат. Андыктан ителгини алы жеткен жаныбарларга гана салабыз.

Ителги бөрүгө окшош чоң жаныбарларды көрсө бүт күчүн сарптап, кармаганга аракет кылат. Ал эми, бүркүттү көрсө анын артынан учуп, алыстан тээп жатып өлтүрөт. Ачуусу келгенде адамдардан дагы коркпой, мыжыгып, кое бербей койот. Өзү кичинекей куш болгонуна карабастан өтө күчтүү келет.

Аң уулоо, мергенчилик — кыргыз элинин байыркы кесиптеринин бири. Ошондуктан талаага чыгып, куш салуу мүнүшкөрлөргө өзүнчө рахат тартуулайт. Айрыкча кыш мезгили куш салуу үчүн жакшы убакыт. Жайында тиричиликтен улам кол бошобой, кышында гана куш салууга чыгам. 21 жаштагы уулум Бусурманкул менин жолумду жолдоп, кандай гана куштар болбосун кызыгуу менен багат», - деди Акунали Тагаев.

52

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×