Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 20.07.2016 08:39

Айыл тумушу: Чоң-Алайдын жайлоолорунда 100 литрлик казанга 20 нан бышырылат (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы жайлоолордо казанга нан бышырууну салтка айлантышкан. Өзгөчө даамдуу нанды казанга бышыруу көп эмгекти талап кылат. Бул тууралуу «Рахманова» балдар бакчасынын жетекчиси Динара Абдурахманова билдирди.

Анын айтымында, 100 литрлик казанга 20 нан батат.

«Кыргыз эли илгертеден көчүп-конуп жашап келген. Ал убакта тандыр болгон эмес. Энелерибиз казанга нан бышырышкан. Учурда бул ыкма жайлоодо колдонулуп жүрөт. Жайлоодо тандыр жоктугунан улам көпчүлүгү казанга нан бышырат. Казан нандын тандыр нандан айырмасы деле жок. Какталып бышкан нан аябай даамдуу болот.

Камыры кадимкидей эле жуурулат. Алгач очокко казан асылып, от жагылат. Казан ысыганда камырга сүт сүйкөп, казанга жабыштырылат. 100 литр казан болсо 20га жакын нан батат. Нандын асты тегиз кызарып бышыруу үчүн казанды тынбай тегеретип турабыз. Казан толугу мен кызарганда көмкөрөсүнөн чокко какталат. Аны дагы тынбай айландырып туруу керек. Болбосо бир жагы бышып, калганы бышпай калат. Чоң казандар чоң күчтү талап кылат. Казанга нан жабуу оңой эмес», - деди Д.Абдурахманова.

«Рахманова» бала бакчасы быйылкы жылы алгачкы жолу жайлоо бакчасын уюштурган. Учурда Туз жайлоосунда 12 бала тарбияланууда. Балдар окуу менен биргеликте жашоого тарбияланып жатышат, дейт тарбиячы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×