Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 20.07.2016 10:19

Алайдагы «Кыргыз көчү жана ат оюндары» фестивалына европалык, америкалык туристтер катышты (фото)

Turmush -  Алай районунун Сары-Ой жайлоосунда «Кыргыз көчү жана ат оюндары» фестивалы өттү. Иш-чаранын максаты – туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.

Фестивалга Европадан, АКШдан жана Кореядан келген туристтер, Алай жана Чоң-Алай райондорунан, Ош жана Бишкек шаарларынан келген коноктор катышты. Алар кыргыз көчүн, аркан тартыш, бука тартыш, эр оодарыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана улак тартыш оюндарын көрүүгө жана бул оюндарга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле, улуттук ыр-бийлер аткарылып, дасторконго улуттук тамак-аштар коюлду, деп маалымдайт кабарчы.

Мындай фестиваль Алай жана Чоң-Алай райондорунда 2015-жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жолку фестивалга жалпысынан 330 адам катышып, анын ичинде 40 чет өлкөлүк туристтер болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×