Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 28.07.2016 14:50

Кызыл-Эшмедеги сел турак үйлөрдү, жолдорду каптады (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кызыл-Эшме айылында кечээ, 27-июлда кечке маал катуу жаан жааганы маалымдалган. Анын кесепетинен жолдорду сел алып, турак үйлөрдү суу каптаган.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Касымбек Абдуллаевдин айтымында, 5 турак үйгө сел суулары кирген.

«Суу каптаган үйлөрдү көрүп келдик. Жайлоого баруучу ички жолдорду дагы суу алып кеткен. Суу каптаган 3 үйдүн абалы оор. ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат», - деди К.Абдуллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×