Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 30.11.1999 00:00

Дарыгерлер Чоң-Алайдын жайлоолорундагы балдар менен ата-энелерди текшерүүдөн өткөрүүдө (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы жайлоо бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдар медициналык кароодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Имарбай Бакиров аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, райондогу Абибилла Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн дарыгерлери балдардын, ата-энелердин саламаттыгын текшерүүдө.

«Жайлоолорго аталган медициналык борбордун жетекчиси Шайыргүл Маматкаимова, дарыгер-хирург Кожобек Акматов, энелер мектебинин инструктору Жазгүл Нуридинова жана лаборант Айчүрөк Мамытова чыгып кетишти. Алар балдар менен ата-энелерге ооруларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүшөт. Алар райондогу 14 жайлоо бала бакчасына барышат», - деди И.Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×