Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 06.09.2016 16:52

Айыл турмушу: Кыргыз орнаменти түшүрүлгөн дарбаза жасаган Чоң-Алайдын тургуну райондо биринчилерден болуп күнөскана курду (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынын 35 жаштагы тургуну Жангазы Машрапов кыргыз орнаменти түшүрүлгөн дарбазаларды жасайт.

Ж.Машрапов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал темир дарбазалардан тышкары, жыгачтан түрдүү эмеректерди жасайт. Алгачкы эмгегин 9 жашында жасаган.

«3-класста окуп жатканымда биринчи жолу идиш-аяктарды коюу үчүн стол жасагам. Боюмдун жетпей калган жерлерине столго чыгып алып, мык какканым эсимде. Ал бүгүнкү күнгө чейин сакталуу. Мындан сырткары үйдөгү бузулуп калган эмеректерди оңдоп, такыр жарактан чаккан отургучтарды жасап койчумун», - дейт Ж.Машрапов.

Учурда ага дарбаза жасатуу үчүн айылдаштары кезекте турушат. Бирок, аларга дарбаза жасоого азырынча анын убактысы жок. Анткени, ал район боюнча биринчилерден болуп күнөскана иштетүүдө.

Ал белгилегендей, тоолуу район болгондуктан жашылча жемиштердин өсүүсү кыйын.

«Айылыбыз тоолуу аймактардын катарын толуктайт. Ошого карабастан өзүм күнөскана куруп жатам. Быйыл кышта алгачкы ирет помидор жана бадыраң өстүрүп көрдүм. Сыртта 25 градус суук болуп жатканда, күнөскананын ичи 16-17 градус жылуулукта турду. Анын жанына дагы кошумча күнөскана куруп жаткандыктан дарбаза жасоого азырынча убакыт жок», - деди Ж.Машрапов.

Ал быйыл помидордон 800 килограмм түшүм алган. Быйыл анын санын көбөйтүү алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×