Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 20.09.2016 13:58

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиреди

Turmush -  Бүгүн, 20-сентябрда саат 11:16да Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында жер титирөө катталды. УИАнын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркасында, Коргон айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Талаа айылынан 33 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Тейит айылынан 45 чакырым түндүк-батышта жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Коргон айылында 3 баллга, Сары-Талаада 2-3 баллга, Кара-Тейит айылында 2 баллга сезилди.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп маалымдайт ӨКМ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×