Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 28.10.2016 15:47

Айыл турмушу: Г.Нурдинова унутта калып бараткан чий чырмоо өнөрүн үйрөтүү менен алек (фото)

Turmush -  Кол өнөрчүлүктөгү чий чырмоо өнөрү унутта калып бара жатат. Бул өнөр менен алектенген Гүлсүн Нурдинова мектептеги окуучуларына үйрөтүүдөгү тажрыйбасын Ош облусундагы чыгармачыл мугалимдер менен бөлүштү.

Ал жаштайынан эле кол өнөрчүлүккө кызыгып, чеберчиликтин сырларын апасынан үйрөнгөн. Учурда Чоң-Алай районундагы балдардын чыгармачыл борборунда «Кыл калем» ийримин жетектейт.

«Мага чеберчилик тукумдан өткөн. Апам, таенем дагы чебер болгон. Мен килем согуп, сайма сайып, чий чырмап, кагаздардан түрдүү сувенирлерди жасайм. Өзүм билген өнөрдү жаш муунга да үйрөтүү үчүн райондогу балдар чыгармачыл борборунда сабак берем. Мени чий менен иштөө өзүнө арбап алган. Түйшүктүү, бирок кызыктуу жумуш.

Ата-бабаларыбыз чийден ашканаларга тосмолорду түшүрүп келишкен. Азыр үйлөрдү коздоо максатында панно катары, сувенир катары илинип калды», - деди Г.Нурдинова.

Чоң-Алай районунун жашоочуларынын басымдуу бөлүгү мал чарба менен алектенгендиктен жүндү табуу оңой.

«Биз чийди чырмоодо жүндү бое үчүн гана боек сатып алабыз. Калганы өзүбүздө бар. Чий биз жакта көп өсөт. Чийден жасаган буюмдарыбызды жай мезгилинде Ленин чокусунун туристтик зонасына барып сатып келебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×