Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 09.11.2016 13:53

Чоң-Алайдагы Кара-Тейит айылында биринчи жолу таза суу чыгарылат

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит жана Кара-Мык айылдарында көпүрө курулуп жатат. Айыл өкмөттүн башчысы Нургазы Акматов аймактык кабарчыга билдиргендей, керектүү каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

«Жергиликтүү бюджеттен 450 миң сом каражат каралган. Ошондой эле демөөрчүлөрдүн жардамы чоң. Көпүрөлөрдү куруу бир ай мурун башталган. Учурда жумуш кызуу жүрүп жатат. Буюрса жакынкы күндөрү жаңы көпүрөлөр пайдаланууга берилет», - деди Н.Акматов.

Ошондой эле, Кара-Тейит айылына таза суу чыгаруу аракети көрүлүп жатат.

«Бул айылга биринчи жолу таза суу чыгарылат. Эл аралык уюм тарабынан каржыланып, 7 чакырым жерге суу түтүктөр орнотулууда. 20 күн мурун башталган жумуш бир айга жетпей аяктайт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×