Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 14.12.2016 09:52

Өлкө аймагында 2 жолу 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 2 жолу жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун берген маалыматына караганда, кечээ, 13-декабрда саат 14:11де Кытай Эл Республикасынын аймагындагы очогунда күчү 5 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында 3 баллга, Бор-Дөбө айылында 2-3 баллга, Иркештам айылында 2 баллга жеткен. Жабыркагандар жана кыйроолор жок, деп маалымдайт ӨКМ.

Ошондой эле, бүгүн, 14-декабрда саат 04:46да Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 5 баллдын тегерегинде жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Алайдын тоо кыркаларында жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Чоң-Алай районунун Ачык суу айылында 4 баллга, Кашка-Суу, Кабык, Кызыл айылдарында 3-4 баллга, Доорот-Коргон, Талды-Суу айылдарында 3 баллга чейин жетти. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×