Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 10.01.2017 08:42

Чоң-Алайдагы волейбол мелдешинде 24 команда күч сынашты

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кабык айылында чоңдор арасында волейбол мелдеши өттү. Бул тууралуу райондогу спорт инструктору Абдимамат Абдилдаев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Кабык айылындагы Кабык орто мектебинде жаңы ачылган спорт залга Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган.

«Волейбол оюнуна район боюнча 24 команда ат салышты. Жыйынтыгында Кашка-Суу айылынын жаштары 1-орунду ээлеп, 15 миң сом менен, «Элхан» командасы 2-орунду алып, 10 миң сом менен, Карамык чек ара бекетинин кызматкерлери 3-орунду алып, 8 миң сом менен сыйланды. Ошондой эле, Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмү 4-орунду алып, 3 миң сомго ээ болушту. Ошону менен катар Ош облустук спорт комитети тарабынан ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды», - деди А.Абдилдаев.

Оюндун жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн мыкты оюнчуларга «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу», «Мыкты оюнчу» наамдары да ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×