Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 24.01.2017 16:00

Чоң-Алайдын Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Н.Акматов шайланды

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нургазы Акматов шайланды. Бул тууралуу райондун аппарат жетекчиси Файзидин Низамов билдирди.

Анын айтымында, Н.Акматов аталган кызматка экинчи жолу шайланды. Шайлоого 17 депутат катышты.

«Жекенди айыл өкмөтүндө бир гана талапкер койгон. Аны бүгүн шайлоого катышкан баардык депутаттар бир добушкан шайлап беришти. Айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар», - деди Низамов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×