Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 26.01.2017 16:19

Чоң-Алайдын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп С.Бакиров шайланды

Turmush -  Чоң- Алай районунун Кашка- Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Салайдин Бакиров шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Чоң-Алай аймагы боюнча атайын өкүлү Апиза Бакыбекова билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына 3 талапкер катталган.

«Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына Салайдин Бакиров, Аскарали Койчубаев, Батырбек Көчкөнөв талапкер болгон. Анын ичинен Аскарали Койчубаев өз талапкерлигин алып койду. Айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар. Алардын 15и Салайдин Бакировго добуш берип, ал айыл өкмөт болуп шайланды», - деди ал.

Салайдин Бакиров кесиби боюнча бухгалтер. Ал буга чейин «Көк-Белес» дыйканчылык кооперативинин жетекчиси болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×