Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 18.02.2017 12:17

Чоң-Алайдагы окуучулар спорттук мелдештерде күч сынашты

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинде окуучулар арасында спорттук мелдеш уюштурулду.

Мектептин кызматкери Эркингүл Газыбекованын айтымында, көңүлдүү старт мелдеши 12 баскычта өткөрүлдү.

«Бул оюнга 7-8-9-класстын окуучулары катышты. Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулган мелдеште волейбол, таяк тартыш, кап менен секирүү, аркан тартыш, кол күрөш жана башка мелдештер боюнча күч сынашты», - деди Э.Газыбекова.

Оюн жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында 4 команданын ичинен «Эр жигит» командасы жеңишке жетишти.

IMG-20170218-WA0009

IMG-20170218-WA0008

IMG-20170218-WA0006

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×