Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуЧоң-Алай району 19.02.2017 12:22 На русском

Фото - Чоң-Алайда кар көчкү басып калган 2 жаш баланын сөөгү табылды

Turmush -  Чоң-Алайдагы Жаш-Тилек айылында кар көчкү басып калган 2 жаш баланын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн, 19-февралда саат 05:30 чамасында айылда кар көчкү түшүп, 2 турак үйдү басып калган. Жергиликтүү тургундар тарабынан көчкү баскан биринчи үйдөн 6 адам куткарылган. Экинчи үйдөгү 7 адамдын ичинен бешөөнү куткарып калууга жетишишкен. Бирок, экинчи үйдөгү 2 баланы көчкү басып калган. 

Көчкүнүн алдында калган биринчи баланын денеси саат 11:00 чамасында табылды. Экинчи денени саат 11:40 чамасында таап чыгышты. Алардын бири 4-класстын (кыз бала) окуучусу болчу.

Учурда куткаруучулар, тиешелүү органдардын өкүлдөрү Жаш-Тилек айылында иштеп жатышат.

 Быйыл Чоң-Алай районунда кар калың түштү. Буга чейин маалымдалгандай, райондогу Кашка-Суу, Чоң-Алай жана Жекенди айыл аймактарында дагы калың кар жааган. 4-февралга караган түнү жааган кардан улам 16 айылдагы 72 чакырым ички чарбалык жолдор жабылып, кардын бийиктиги 2 метрге жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×